2023-жылдын 12-13-октябрында Россия Федерациясынын Президенти Владимир
Путиндин Кыргыз Республикасына расмий сапары менен келиши жана Көз
карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын Кеңешинин
жыйыны өтүшү күтүлүүдө.

ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматы билдиргендей, ага карата коомдук тартипти жана жол коопсуздугун камсыздоого 4 миңден ашык кызматкер жана 250гө жакын техника тартылат.

Иш-чаранын жүрүшүндө ички иштер органдарынын Бишкек гарнизонунун жана
Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын өздүк курамы 
“Жогорулатылган” күжүрмөн даярдык баскычына өткөрүлөт.

Ошондой эле бул иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу Бишкек шаарынын
мэриясынын Билим берүү департаменти үстүбүздөгү жылдын 12-13-октябрында
бардык мектептерди жана бала бакчаларды онлайн окутуу режимине өткөрүү
чечимин кабыл алган.

2023-жылдын 12-13-октябрында жогоруда айтылган иш-чараларды өткөрүү
учурунда Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун шаарынын  төмөнкү көчөлөрүнө
   мал-маалы менен чектөөлөр киргизилет.
  Алар:
— «Манас» Эл Аралык Аэропорт жолу Бишкек шаарынын чегине чейин;

— Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен  тартып,   Чүй проспектисине
чейин;

-Чүй проспектиси Фучик көчөсүнөн тартып, чыгышты карай Манас
проспектисине чейин;

— Манас жана Ч.Айтматов көчөлөрү түштүктү карай, «Ала-Арча» мамлекеттик
резиденциясына чейинки бөлүгү;

— «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынан тартып, «Ата-Бейит» мемориалдык
комплексине чейин;

— Бишкек шаарынан чыгып, Бишкек-Нарын-Торугарт айланма жолу (объездная
дорога) аркылуу Кант шаарына чейин, тагыраак айтканда:

— Чүй көчөсү Манас прспектисинен тартып, Ю.Абдрахманов көчөсүнө чейинки
бөлүгү;

— Ю.Абдрахманов көчөсү Чүй көчөсүнөн тартып, Жибек-Жолу көчөсүнө чейинки
бөлүгү;

— Жибек-Жолу көчөсү Ю.Абдрахманов көчөсүнөн тартып, Курманжан-Датка
көчөсүнө чейинки бөлүгү;

— Алма-Ата көчөсү Жибек-Жолу көчөсүнөн тартып, чыгыш айланма (объездная
дорога)  жолуна чейинки бөлүгү;

Андан ары чыгыш айланма жолу аркылуу (объездная дорога)  Кант шаарына
чейин.

«Өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын маанилүүлүгүнө байланыштуу киргизилген
чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды суранабыз. Жолдордо
тыгындарды болтурбоо үчүн жол эрежесин жана жолдордо жүрүм-турум
маданиятын сактоону жана көрсөтүлгөн көчөлөргө унааларды
калтырбооңуздарды суранабыз”.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын
коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы келтирилген убактылуу
ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жол кыймылынын катышуучулары
мамлекеттик маанилүү иш-чараларга байланыштуу мындай мажбурлоо чарасын
киргизүүнү туура түшүнөт деп үмүттөнөт, каттамдар өзгөргөн учурда,
кошумча маалымат берилет.

От admin