УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кийим алмаштыруу бөлмөсүндө футболчулар алкап, алардын жеңишине ыраазы болгон видеосу жарыяланды.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Дүйнө чемпионатынын 3-баскычына өтүп, аны менен бирге 2027-жылы өтчү Азия Кубогуна катышууга жолдомо алды. Бул кыргыз футбол тарыхында биринчи жолу болуп жатат.