
Авто кырсык 16-февралда болжол менен саат 12:00 чамасында Салиев жана Кантемиров көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Нива үлгүсүндөгү унаа 11 жаштагы кызды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Кыз ооруканага жеткирилген. ҮПМдин издөө бөлүмүнүн кызматкерлери шектүү адамдын жеке маалыматын аныктап, машина токтотуучу жайда жашырылган унааны табышкан.
Маалым болгондой, Нива үлгүсүндөгү унааны айдаган 17 жаштагы Л.М. болгон. Ал күнөөсүн мойнуна алып, көрсөтмө берген. Кырсык фактысы Маалымат журналында катталып, бардык керектүү экспертизалар даярдалган.