Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

10 000 доллар пара алып жаткан жеринен тергөөчү кармалды

10 миң доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Бишкек шаарындагы Биринчи май РИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү кармалды. Бул маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы 12-февралда билдирди. Операцияны комитет менен ИИМдин ички иликтөө кызматы жүргүзгөн.

Шектүү — милициянын капитаны Т.Н.

Комитеттин маалыматы боюнча, капитан 8-февралда Биринчи май райондук сотунун чечими менен убактылуу камакка алынды. Бул ишке тиешеси бар тараптарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

12 Февраль 2025 жыл 13:37
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча