КР УКМК мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгын турмуштун ар
кайсыл чөйрөлөрүндө камсыз кылуу боюнча системалуу иштерди жүргүзүп
келет.


Алсак, колдо болгон материалдардын алкагында Чүй облусунун Кемин
районунун Чым-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан, №50
инвестициялык номерлүү 196 гектар аянттагы өнөр жай жерлерин
(карьерлерди) мамлекеттин балансына кайтаруу иштери жүргүзүлүүдө.
Тийиштүү баалоонун жыйынтыгы боюнча аталган кендин базар баасы 1
млрд.782 млн. 656 миң сомду түзөт.


Белгилей кетсек, аталган кен алтын рудасын аныктоо максатында
геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн «Боорду» ЖЧКсы
тарабынан мыйзамсыз иштетилген. Тактап айтканда, жерди бөлүп берүү жол-
жобосу жүргүзүлгөн эмес жана тиешелүү уруксат берүүчү документтер
таризделген эмес.


Учурда аталган кенди мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча
тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

От admin