Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

1 миллион 800 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акчаны алдап кеткен Трансулуттук топтун мүчөсү кармалды

Трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү аталган чет мамлекеттин жараны К.Ш.Р. кармалды. Маалыматты УКМКнын Басма сөз кызматы билдирди.

2023-жылдын 15-августунда Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүгүнүн (Алдамчылык) боюнча баюунун жеке кызыкчылыгын көздөп, алдамчылык жолу менен Кыргыз Республикасынын жараны Б.Д.К.нын ишенимине кирип алып, санариптик активге ээ болуу максаты менен мыйзамсыз түрдө 1 миллион 800 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү криптовалютаны ээлеп алган Трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгон чет мамлекеттин жараны К.Ш.Р кармалып, КР УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.
Учурда КР УКМК тарабынан бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

18 Август 2023 жыл 11:25
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча