
Бишкекте 1-класстын окуучулары бир жума, ал эми 0-класстар эки жума каникулга чыгат
Бишкектеги мектептердин 1-класстарынын окуучулары 10-февралдан тарта бир жумалык каникулга чыгат. Ал эми 0-класстын окуучулары эки жума эс алышат. Бул тууралуу АКИpress агенттиги борбор калаанын мэриясынын Билим берүү башкармалыгына шилтеме берип билдирди.
Маалыматка ылайык, базалык окуу планы боюнча 3-чейректе «Наристе» мектепке чейинки даярдоо программасына кирген 6 жаштагы балдарга 2 жума, ал эми 1-класстын окуучуларына 1 жума кошумча каникул каралган.
1-класстын окуучулары 17-февралда, ал эми 0-класстын окуучулары 24-февралда сабакка кайтышат.