Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынан билдирди.
Бул вагондун ичинде 6 купе бар, алардын ар биринде жумшак дивандар, кенен стол, панорамалык терезелер, электрондук түзүлүштөрдү кубаттоо үчүн USB жана Type-C туташтыргычтар, аудио-стерео система, ар бир купеде абаны муздатуу системасы каралган. Ички жасалгасы улуттук стилде кооздолгон.
Вагон уюшкан топтордон турган жүргүнчүлөрдүн өзүнчө купеде жүрүүсүнө ылайыкталган. Вагондо кошумча акыга буфет кызматтары көрсөтүлөт.