Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери каза болду

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Ош шаарынында 99 жаштагы Анна Тягунова каза болду. Маалыматты Ош мэриясынан кабарлашты.
Тягунова Анна Куприяновна, 1923-жылы 10-июлда туулган. Согуш жылдарында Украина фронтунун 232-госпиталында аскердик медайым болуп кызмат өтөгөн. «Ош шаарынын мэриясы ардагердин жакындарына терең кагыруу менен көңүл айтат. Учурда Ош шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун 3 ардагери калды», — деп билдиришти мэриядан.