Ошто Турак үй өрттөндү

Бүгүн, 6-августта Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылындагы Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан турак үй өрттөнүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Алдын ала маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө саат 09:24тө 1 бөлүм, саат 09:38де Ош шаардык өрткө каршы бөлүмүнөн дагы бир бөлүм, жалпы 2 бөлүм тартылган. Тилсиз жоо саат 9:59да чектөөгө алынды. Тилсиз жоону өчүрүү иштери тууралуу кошумча маалымат берилет.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.