Индияда миллиондон ашык адам жылан чаккандыктан жапа чегип келишүүдө

Индияда 22 жаштагы жигитти жылан чагып ал каза болду. Андан бир нече саат мурун ал жыландын уусунан каза болгон 38 жаштагы байкесин акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматта,2 жаштагы Говинд Мишара жана анын агасы Чандрашекара Пандей Индиядагы Бхаванипур айылына жылан чаккан улуу агасын акыркы сапарга узатуу зыйнатына келишкен. Алар бир тууганынын сөөгүн көмүп, андан кийин уктап жатканда аларга жылан кол салган. Натыйжада Говинд Мишара каза болуп, агасы ооруканага жеткирилген.

Анын абалы оор деп бааланууда. Расмий статистикага ылайык, жыл сайын Индияда миллиондон ашык адам жылан чаккандыктан жапа чегип, анын 50 миңи өлөт. Бул башка жырткыч жаныбарлардын курмандыктарынан отуз эсе көп.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.