Беттештеги кыргыз футболчу жалгыз 35-мүнөттө гол киргизди

Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында старт алган «CAFA U-19 Championship 2022» эл аралык турниринин алгачкы беттешинде Кыргыз улуттук курама командасы Ооганстанды 1:0 эсебинде жеңип алды. Беттештеги жалгыз голду 35-мүнөттө Иррахимбек Нурмат уулу киргизди. Ал алыскы аралыктан атаандаштын дарбазасына сокку узатып, кооз гол жаратты. Муну менен Кыргыз улуттук курама командасы алгачкы 3 упайды алып, тайпада биринчи орунга чыкты. Кыргыз улуттук курама командасы кийинки оюнун бүгүн, 6-августта Өзбекстанга каршы өткөрөт. Тажикстанда өтүп жаткан «CAFA U-19 Championship 2022» турнирине Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Иран жана Ооганстан катышууда.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.