Ат-Башы районунун тургундары унаа жолдун оңдолушунун сапатына нааразы

Нарын облусунун Ат-Башы районунун жашоочулары Ача-Кайыңды-Май-Босого унаа жолунун участкасын оңдоо боюнча иштердин сапатына нааразы. Аларга 3 км автоунаа жолун оңдоо менен алектенген жол ишканасы жооп берди.

Ал жашоочунун айтымында,  иштин сапатын көзөмөлгө алуу керек. «Оңдоо иштери мамлекеттик бюджеттин каражатына жүргүзүлүүдө. Жогорку органдар сапатты көзөмөлдөп турушу керек.Иш сапатсыз жүрүп жатат. Көпүрө жарым-жартылай талкаланганына карабастан, шакектер орнотулган. Шагыл таштардан тазаланбайт»-деп билдирди. Унаа жолунун башкармалыгы Нургаазы Дөөлөтовдун  айтымында, долбоорго ылайык жолду асфальттоого 22 млн 989 миң сом бөлүү каралган .Натыйжада 21 млн 600 миң сом бөлүндү. Суу түтүктөрүн орнотуу боюнча да иштер жүргүзүлдү, долбоорлорго ылайык ,бир түтүктү алмаштырып, 6 түтүктү чоңойтуу керек болчу.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.