6 санитардык талапты бузган тамактануучу жайлар убактылуу жабылды

Ош шаарында  рейд учурунда Санэпид кызматы тарабынан 6 коомдук тамактануу жайынын иши убактылуу токтотулуп, жалпысынан 120 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриядан маалымдашты.
Жана жүргүзүлгөн санитардык талаптарды бузуу фактылары аныкталган кафе-ресторандарга 5 миңден 13 миң сомго чейин айып салынды. Айып пулдун жалпы суммасы 120 миң сомду түздү.
Мындан тышкары мыйзам бузуулар жоюлганга чейин 6 коомдук тамактануу жайынын иши убактылуу токтотулган. Учурда 5 объектиде мыйзам бузуулар жоюлган. Алдыда рейддик иш-чаралар улантылат.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.