Медицина борборлордун көчмө амбулатордук кызматы иштей баштады

Борборубузда үй-бүлөлүк медицина борборлорунун көчмө амбулатордук кызматы иштей баштады. Мэриянын маалымат кызматынан билдиришкендей, мекеме жергиликтүү бюджеттин эсебинен долбоор үчүн 7 унаа сатып алган жана алар №1,2,3,4,5,9,10 үй-бүлөлүк медицина борборлоруна бөлүштүрүлдү.

Көчмө амбулатордук баштапкы медициналык-санитардык жардам кызматы бейтаптын жашаган жери боюнча медициналык жардам көрсөтүүгө багытталган жана үй-бүлөлүк дарыгердин жана адистердин кеңешин, диагноз коюуга, дарылоого, реабилитациялоого жана паллиативдик жардамга багытталган медициналык кийлигишүүлөрдү камтыйт.

“Көчмө амбулатордук кызмат төшөктө жаткан, онкологиялык, кургак учук жана паллиативдик бейтаптарга жардам көрсөтөт жана акысыз болот. Кызмат «Тез жардам» чакырууларын тейлебейт жана ооруканага жаткыруу менен алектенбейт. Бул функциялар «Тез жардамдын» кызматында кала берет”, — деп айтылат маалыматта.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.