Кыргыз студенттери үчүн Азербайжан университетинде бекер квоталык орундар бөлүнөт

Азербайжандагы Кыргызстандын элчиси Кайрат Осмоналиев Гянджа шаарына иш сапары менен барды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта, иш сапардын алкагында шаардын аткаруу бийлигинин башчысы Ниязи Байрамов, Азербайжан-Кыргызстан парламенттер аралык байланыштар боюнча жумушчу топтун жетекчиси депутат Муса Гулиев менен жолугушту. Анда Ош жана Гянджа шаарларынын ортосунда бир тууган шаар мамилелерин түзүүнүн келечеги талкууланган.

Элчи Осмоналиев ошондой эле Азербайжан мамлекеттик агрардык университетинин ректору Ибрагим Жафаров менен да жолугушкан. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки өлкөнүн ЖОЖдорунун ортосундагы билим берүү тармагындагы мамилелердин келечеги,Азербайжандын Агрардык университетинде кыргызстандык студенттердин билим алуусу үчүн бекер квоталык орундарды бөлүү маселелери талкууланды.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.