АКШ маймыл чечеги илдетине байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялады

АКШ маймыл чечеги илдетине байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялады. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттыкты сактоо жана калкты тейлөө министри Хавьер Бесеррага таянуу менен жергиликтүү ЖМКлары жазып чыгышты. «Биз бул вирус менен күрөшүү үчүн жаңы чараларды көрүүгө даярбыз.

Ошондой эле ар бир америкалыкты бул вирус менен күрөшүүгө жардам берүүгө жана олуттуу кабыл алууга чакырабыз», — деп билдирген ал. Америка Кошмо Штаттары маймыл оорусуна чалдыккандардын саны эң көп катталган өлкө. АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу боюнча борборлорунун маалыматы боюнча, өлкөдө 7 миңге жакын учур катталган.

Нью-Йорк оорунун таралышынын очогу бойдон калууда, андан кийин Калифорния. Маймыл чечеги – Борбордук жана Батыш Африканын алыскы аймактарында кеңири таралган сейрек кездешүүчү жугуштуу оору. Июль айында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул илдеттин жайылышын эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп жарыялаган. Анын белгилери — жүрөк айлануу, ысытма, исиркектер, кычышуу жана булчуңдардын оорушу менени коштолот.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.