Республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн

Бүгүн, 4-августта туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Ош, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө, Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.