Бишкектеги троллейбустар улуттук стилде кооздолду

Шаар ичинде «жаңыртылган» 20 коомдук транспорт иштеп жатат.

Бишкектин троллейбустары улуттук стилде кооздолгонун мэрия билдирди.
Транспорттун «бортуна» орнаменттер түшүрүлүп, улуттук макал-лакаптар жазылган. Учурда мындай троллейбустардын саны 20га жакын. Сентябрга чейин дагы 36сы жасалгаланат.
Мындай иштер мэр Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасы менен аткарылып жатканы айтылды.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.