Азербайжандагы элчи өлкөнүн маданият министри Анар Каримов менен жолугушту

Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиев аталган өлкөнүн маданият министри Анар Каримов менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта, жолугушуунун жүрүшүндө маданият тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалы жана келечеги, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланган. Тактап айтканда, тараптар дүйнөгө белгилүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына жана өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган бир катар иш-чараларды өткөрүүгө, ошондой эле эки өлкөдө маданият күндөрүнүн уюштуруу боюнча маселелерди талкуулашты.

Жана да  элчи Осмоналиев министрге композитор Узеир Хажибейлинин «Аршын мал алан» (Кол буюмдарын сатуучу) опереттасынын коюлгандыгынын 35 жылдыгынын урматына Кыргыз опера жана балет театрында өткөрүнү пландаштырылган иш-чаралар тууралуу маалымат берген.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.