4 адам оюнчук тапанча менен коркутуп ,эс алуучуларды тоноп кетишкен

Ысык-Көлдө төрт жаран оюнчук тапанча менен коркутуп, каракчылык кылышты. Бул тууралуу Ысык-Көл РИИБи билдирди.

Маалыматка ылайык, 30-июль күнү Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Өзүнүн арызында, 29-июлдан 30-июлга караган түнү болжол менен түнкү саат 23:00 чамаларында өзүнүн 16 жаштагы иниси менен Бостери айылында жайгашкан «Университет» пансионатынын көл жээгинде сейилдеп жүрүшкөндө, аларга 17-20 курактагы белгисиз балдар келишип, такталбаган үлгүдөгү тапанча менен коркутушуп, акча каражаттарын, уюлдук телефондорун, күмүш шакектерин жана башка буюмдарын карактап кетишкендерин жана издерин жазгырып кетишкендерин билдирген.

Жабырлануучуларга келтирилген жалпы материалдык чыгым 43200 сомду түзгөн. Кылмышка шектүү катары 17 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургундары М.О., Д.Т., Чүй облусунун тургуну Н.И. жана 16 жаштагы Нарын облусунун тургуну Т.Б. кармалган. Райондук соттун чечими менен шектүүлөр 1 айга камакка алынган. Учурда тергөө амалдары уланууда.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.