Ошто оор жүк ташуучу унаа оодарылып кетип 3 жаштагы бала каза болду

Ош шаарында жолдо бара жаткан “HOWO” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа оодарылып кетип, жол жээгиндеги адамдарды басып калган.  Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алдын ала маалыматка ылайык кырсыктан 3 жаштагы бала каза тапкан. Учурда куткаруучулар жана медицина кызматкерлери кырсык катталган жерде иш алып барып жатканы кабарланды. Ички иштер министрлигинин кызматкерлери окуя боюнча кошумча маалыматтарды тактап жатканы айтылды.

Читайте также: