Мас абалында болгон. Бишкекте жаш кыз көп кабаттуу үйдүн батиринен боюн таштоого аракет кылды

Бишкек шаарынын Шевченко көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн батиринен жаш кыз 3-кабаттагы балкондон боюн таштоого аракет кылган. Бул тууралуу Ленин РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 23-июнда болгон. Милицияга таңкы саат 7:30 чамасында кабаттуу үйдүн 3-кабатындагы балкондо жаш кыз жерге секиргени жатат деген маалымат келип түшкөн.

Текшерүү учурунда жаш кыз мас экени, окуя ижарага алынган батирде болгону аныкталган. Аталган кыз саат 4:30да чыр чыгарганы, ага байланыштуу көп кабаттуу үйдүн жашоочулары милиция чакырышкан.

Батирдеги 1992-жылы туулган А.Д. аттуу жаран жаш кыз менен биргеликте милиция бөлүмчөсүнө жеткирилген. Кыз мас болгонуна байланыштуу суракка алууга мүмкүн болгон эмес.

Читайте также: