«Кайсыл депутат мага добуш бергенин териштирем». Тазабек Икрамов казино боюнча мыйзамга добуш бербегенин айтты

Социалдык тармакта Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовдун казино боюнча мыйзам долбоору добушка коюлган күнү Чолпон-Ата шаарында болсо дагы «макул» деп добуш бергени талкууланууда.

SUPER.KG Тазабек Икрамовго байланышканда ал буларга токтолду: «Мен оозеки дагы кат түрүндө дагы эч кимге ишеним кат берген эмесмин. Бул эми берилген добуш мыйзамсыз. Мен Көлдөн барган соң кайсыл депутат мага добуш бергенин териштирем», — деди Икрамов.
Булак: Супер кж 

Читайте также: