Азия чемпионаты: Айпери Медет кызы алтын медаль утту

Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча (U-23) Азия чемпионатында кыргыз балбаны Айпери Медет кызы алтын медаль тагынды. Бул тууралуу United World Wrestling сайтынан көрүүгө болот.

76 килограммга чейинки салмак категориясында беш спортчу катышкан. 

Анда Айпери Медет кызы төрт жеңиштин төртөөнү жеңип, мөөнөтүнөн мурда биринчи орунду камсыз кылды.  Ал казакстандык спортчуну 33 секундда жеңип алган.

Читайте также: