«Алтын паспорт» тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыкты. Аны кимдер алат?

«Алтын паспорт» тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыкты. Бул тууралуу маалымат жыйында инвестиция боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшан Сабиров билдирди.

Анын айтымында, мыйзам долборуу учурда коомдук талкуудан өтүп жатат.

Биздин экономикага 300 миң доллар салган жаранга биз жарандык бере алабыз деп ойлойм. Бул кыймылсыз мүлк сатып алуу, же ишкана ачуу болушу мүмкүн. Инвесторго жарандыкты жеңил жол менен берүү жолдору каралышы керек. Мында практика башка өлкөлөрдө дагы бар, – дейт ал.

Читайте также: