Издөө салабыз! 15 жаштагы Ширин Жунушакунова 5 күндөн бери дайынсыз болууда

15 жаштагы Ширин Жунушакунова үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Бул тууралуу анын агасы Рашид билдирди.

«Ишемби күнү, 18-июнь күнү саат 22:30да ага бирөө телефон чалып, үйдөн чыгып кеткен. Ошондон бери ал тууралуу эч нерсе белгисиз. Таң атканга чейин аны өзүбүз издеп жүрдүк. Эртең менен милицияга кайрылдык. Издөө иштери уланууда. Биз телефон чалып, анын тааныштарын, досторун кыдырып чыктык. Анын номери өчүрүлгөн», — деди ал.

Ал Бишкекке биринчи жолу келди. Жети-Өгүздө туулуп өскөн.

Ширинди көргөн-билгендер болсо, 0701933103 номуру аркылуу иниси Рашидге чалып коюуну суранышат.

Читайте также: