Бишкекте бала бакчада чыккан өрт өчүрүлдү

Бишкек шаарынын Ленин районунда чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жумабек көчөсү №228де жайгашкан турак үйдүн жанындагы кошумча курулуштан өрт чыгып, Фрунзе көчөсүнүн №585 дарегинде жайгашкан 2 кабаттуу «Дастан» бала бакчасынын чатырына өтүп кеткен.

Өрт саат 13:42де чектөгөө алынып, 14:43тө толук өчүрүлдү. Болжол менен жалпы өрттөнгөн аянты — 200 м2 түзөт.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.