Сузакта милиция кызматкерлери пара менен кармалышты

2022-жылдын 21-июнунда КР УКМК жана КР ИИМ ички иликтөө кызматы менен биргеликте Жалал-Абад областынын Сузак райондук ИИБ кылмыш иликтөөсүнүн ыкчам кызматкерлери 15 000 сом акча каражатын пара катары алып жаткан учурунда кармалышты. Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз кызматы билдирди. 
Такталгандай, К.А.А. жана Э.А.А. аттуу Сузак РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери Сузак районунун жашочусун кылмыш жообуна тартуу менен коркутуп, жасалма арыз материалдарын жасашып, оң чечим чыгарып беребиз дешип 40 000 сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылышкан, анын 25 000 сомун мурда алышкан.
Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Пара талап кылуу) боюнча КР УКМК Жалал-Абад башкы башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголду.
Кармалгандар УКМК тергөө камак жайына киргизилди. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү иш-чаралар уланууда.

Читайте также: