Президент Садыр Жапаров Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) жогорку сыйлыгы менен сыйланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-июнда, Бириккен күрөш дүйнөсүнүн президенти Ненад Лалович жана Азия-Бириккен күрөш дүйнөсүнүн президенти Даулет Турлыханов менен жолугушту.
Жолгушуу Бишкекте башталган грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатынын алкагында болду.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда спорттук күрөштү өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы жана 17 жашка чейинки жана 23 жашка чейинки катышуучулар арасында грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргыз Республикасындагы Азия чемпионатын уюштурууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн Бириккен күрөш дүйнөсүнүн президенти Ненад Лаловичти Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен, Бириккен күрөш дүйнөсү-Азия уюмунун президенти Даулет Турлыхановду “Даңк” медалы менен сыйлады.
Аны менен бирге, спорттук күрөштү өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы жана тилектештик, достук жана өз ара түшүнүү рухун бекемдөө үчүн Президент Садыр Жапаров Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) жогорку сыйлыгы менен сыйланды.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.