Ооганстанда жер титирөө катталып, 255 адам каза тапты

Ооганстандын Пактика провинциясында күчү 6,1 баллга жеткен жер силкинүү катталып, кеминде 255 адам өлдү. Бул тууралуу мамлекеттик маалымат агенттиктери бийлик органдарына таянуу менен кабарлады.

Bakhtar агенттиги келтирген курмандыктардын санын “Талибандын” өкмөтүнүн Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү ырастады. Алар “Рейтер” агенттигине ырастагандай, жабыркагандардын да саны көп.

Талибдердин Жаратылыш кырсыктарын алдын алуу агенттигинин жетекчиси Мухаммад Нассим Хаккан өлгөндөрдүн көбү Пактикада экенин, Нангархар жана Хост провинцияларында да каза болгондор аныкталып жатканын кошумчалады.

АКШнын Геологиялык кызматы (USGS) Ооганстандын жана Пакистандын чектеш аймактарындагы зилзала 22-июнда таңга жуук болгонун, анын күчү 6,1 баллга жеткенин ырастады. Франциядагы Европа Жер ортолук сейсмологиялык борбор (EMSC) жана Германиядагы Жер илимин изилдөө институту жер титирөөнүн магнитудасы 6,0 баллга жеткенин маалымдады.

Жер силкинүү Пакистан менен Ооганстандан сырткары Индиянын айрым аймактарында да сезилди. Зилзала толкундары Кабулга, Исламабадга чейин жеткени аталган шаарлардагы тургундардын социалдык түйүндөрдөгү баракчалары да ырастап турат.

Булак: Азаттык

Читайте также: