Кызыл-Кыядагы сел. 105 үй жана 5 социалдык имарат толук тазаланды

Бүгүн, 21-июнь саат 10:30га карата Кызыл-Кыя шаарында сел калдыктарынан тазалоо иштери дээрлик аяктоо алдында турат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Акыркы саатка алынган маалымат боюнча, жалпы 105 үй жана 5 социалдык имарат толугу менен тазаланып бүттү.
«Нөшөрлөгөн жаандан улам шаар аймагында жалпы 224 объектке сел суулары кирген , анын 83ү турак үй, 47 жертөлө, 87 огород участкалары жана 7 социалдык объект», — деп айтылат маалыматта
Тазалоо иштерине бүгүн да ӨКМден 102 куткаруучу жана 4 техника, 5 мотопомпа, Жарандык коргонуу кызматтарынан, кесиптик лицейлерден 110 ыктыярдуу куткаруучулар менен кошо 8 техника тартылып, сел калдыктарынан тазалоо иштери уланууда.
Эскерте кетсек, 18-июнда катуу жааган жаандан улам Кызыл-Кыяда сел жүрүп, шаарга «өзгөчө кырдаал» режими киргизилген.

Читайте также: