Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курамасы 17 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында командалык эсепте 1-орунду ээледи. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайты билдирди.
Кыргызстандык 10 спортчу медалдар үчүн ат салышып, төрт алтын, эки күмүш жана эки коло медалга ээ болушту.
