Д.Орунбеков: Текебаев башка өлкөдө элчи болуп туруп, учурду колдон чыгарбоо үчүн Кыргызстандагы процесстерге дагы эле көз чаптырып жатат…

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаевдин Би-Би-Си радиосуна берген маеги тууралуу журналист Дайырбек Орунбеков Фейсбукта өз оюн билдирди.
Д.Орунбековдун айтымында, тажрыйбалуу саясатчы Ө.Текебаев Кыргызстанга эки негизги билдирүүнү жеткирүү үчүн келген.
«Элчи болуп кеткен Өмүрбек Текебаев Германиядан келип, маек бериптир. Анын көз карашын, пикирин угуп, карт жана кыраакы саясатчы Кыргызстанга 2 нерсени айтыш үчүн атайын келгенин байкадым. Анын маегинде төмөнкү жерлерге көнүлүңүздөрдү бургум келет.
Ө.Текебаев:
«Көбү айтат Текебаев опозиция болуп жүрүп бийликке өтүп кетти депчи, дипломатиялык иштин бир өзгөчөлүгү бар мен бир саясий режимге эмес Кыргызстанга иштейм. Ошол үчүн менин жеке көз карашыма карама каршы келбейт , мурунку көз карашым өзгөргөн жок, ал өзүнчө турат»
Бул жерде Текебаев артын карап кылчактап, вдруг Кыргызстанда бир нерсе болуп кетсе, ошол процесстен тышкары калбайын, «если что оппозиция мен силер мененмин» деген сигналы.
«Мен кайсы бир режимге кызмат кылбайм»-дегени менен, ушул саясий режимдин башында президент Садыр Жапаров турат да? Кантип анан режимдин саясатынан тышкары өз алдынча болот?
Өмүрбек Текебаев:
«Эми Дастандын атын атабашым керек эле, туура эмес болуп калды ал деле жакшы ой менен айткандыр, ошол сунуш келип келип акыры ишке ашты да»,-деп айтпай турган нерсени айтып салыптыр. Экөө «эркекче, между нами» деп сүйлөшсө керек эле…
Өмүрбек Текебаев:
«Эми элчилик менин карьерамдын аяктоосу болсо, мени көндүргөн жаш балдар айткандай «ардактуу аяктоо, аксакалдык кадырлуу аяктоо»,- деп ойлойм. Мага сунуш кылган жигиттер дагы мындай айтканды билген куу жигиттер да. Мага 2 жылдан бери эле «шайлоого барып эмне кыласыз, шайлоо жаңжал жаштар менен айтышасыз»,-деп келишти да. Коркутушпайт бирок башка жагынан жеткиргенге аракет кылышты. Мен Эми шайлоого катышып да көрдүм, мушташып да көрдүм шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп митинг уюштуруп да көрдүм. Колдон келген нерсенин баарын жасадым, эгер сиз айткандай саясий ишмердигим бүтө турган болсо, Кудайдын айтканы ошондой экен татыктуу аяктоо деп эсептейм. Бирок эл чакырса, зарыл болуп калсам ар-кандай күрөшкө дайым даярмын».
Бул жерге Өмүрбек Текебаев дагы деле алдыда саясий күрөш, туруксуздук, бийлик алмашуу болуп калаттыр деген үмүтү, ошондой кырдаал түзүлсө дароо учуп келип, оппозицияга кошулуп алып чогуу күрөшкө чыгууга каалоосу абдан күч экенин айтыптыр.
«Керек болуп калсам, ар дайым даярмын»,-дегени, «эу, бир нерсе болуп кетсе мени унутуп калбагыла, мен дагы деле бармын»,-деген белгиси.
Кыскасы, Өмүрбек Текебаев «Би-Би-Си» радиосуна берген маегинин негизги максаты ушул нерсени айткысы келген.
Жантай чал менен аргасыз кеткен Акмөөрдөй артын карап, кылчактап, же бийликтин көңүлүн кыя албай, же оппозицияны кыя албай ортодо талтайып калыптыр.
Негизинен Элчи болгон жагыптыр, комфорт, ж.б»,-деп жазган Орунбеков. 

Читайте также: