Кыргызстан өндүргөн Coca-Cola, Sprite суусундуктары Екатеринбурга шаарында сатылууда

Екатеринбург шаарынын дүкөндөрүндө Кыргызстандагы заводдордо чыгарылган «Кока-Кола», «Спрайт» жана «Фанта» суусундуктары сатылууда. Бул тууралуу орусиялык E1.ru порталы жазып чыкты.

«Адаттагыдай этикеткада «Классикалык» жана «Бишкекте жасалган» деген жазуулар бар», — деп жазылат басылманын маалыматында.

Эскерте кетсек, 9-мартта Coca-Cola, Sprite, Fanta, Schweppes, Powerade, Bonaqua, Semya жана Dobry бренддери согуштук аракеттерден улам Орусиядагы ишмердүүлүгүн токтотконун жарыялаган.

Булак: Супер кж

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.