Аскар Акаев Казакстанга барып, «Ардактуу профессор» наамына татыды

Кечээ, 19-июнда Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаев жана жубайы Майрам Акаева Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинде болду. Ардактуу конок катары «Байыркы доорлордон берки демографиялык динамика жана адамзаттын келечеги» деген темада лекция окуду, ошондой эле КазМУнун жаңылануу планы менен таанышты. Университеттин ректору Жансейит Түймебаев Аскар Акаевдин ишмердүүлүгүнө кеңири токтолуп, илимдин өнүгүшүнө эбегейсиз салым кошконун белгиледи. Ректор А.Акаевге Аль-Фараби атындагы КазМУнун ардактуу профессору наамын салтанаттуу түрдө тапшырды. 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.