Жумабеков: Ак-Ордодогу 7 үй-бүлөнүн тагдыры эмне болот? Жерин мыйзамдаштырып берсеңер болмок

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Жумабеков жакында эле болуп өткөн Ак-Ордо конушундагы 7 үй-бүлөнүн үйүнүн бузулушу тууралуу маселени көтөрүп, Өкмөттөн ушул маселени чечип берүүсүн суранды.

«Ак-Ордо жаңы конушунда эл менен укук коргоо органдарынын ортосунда талаштыктар пайда болуп, ар кандай окуялар болуп кетти. Президентибиз да жакшы иштерди алып барып, жерлерди мыйзамдаштырып жатат.  Кыргызда жакшы сөз бар го. «Миңине чыдагандан кийин дагы бирине чыдап койгула» деген. Ошо 7 үй-бүлөнүн тагдырын трагедия кылбай, укук коргоо органы менен элди жаман көрсөтпөй,  бир мыйзамдуу чечип берип койсоңуздар.  Уйүнүн Фундаментин бузбай, ошолорду бактылуу кылып койсоңуздар»,-деди депутат.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.