Өлкө аймагында каттаган поезддерге жол акы кымбаттады. Ким канча төлөйт?

Бүгүн, 17-июндан тарта өлкө аймагында каттаган поезддерге жол акы кымбаттады. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Ага ылайык:
  • Бишкек – Шопоков (Кант) чоңдор үчүн 20 сом, балдар үчүн 6 сом;
  • Бишкек – Кара-Балта (Токмок) чоңдор үчүн 56 сом, балдар үчүн 20 сом;
  • Бишкек – Балыкчы чоңдор үчүн 150 сом , балдар үчүн 73 сом.
Эске салчу жагдай: 5 жашка чейин балдар үчүн жол акы алынбайт.
Маалымат үчүн: Акыркы жолу поезд жүргүнчүлөрү үчүн жол акы 2010-жылы өзгөргөн.

Читайте также: