Чүй районунун милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундар менен жолугушууда

2022-жылдын 15-июнунда Чүй районунун Кызыл-Аскер, Ак-Бешим айылдарынын жашоочулары менен милиция кызматкерлери жолугушту. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. 

Милициянын көчмө кабылдамасы менен барышкан Чүй РИИБдин башчысы Талантбек Мурадилов, анын орун басары Асылбек Назаралиев, милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрү жана балдар менен иштөө инспекторлору аталган айылдардын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын башчылары, мектеп директорлору жана эл менен жогулушууларды өткөрүштү. Жолугушууда ички иштер министри Улан Ниязбековдун талаптарын аткаруу максатында Чүй районунун мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери менен тыгыз иштешүү аркылуу калк арасында болуп жаткан көйгөйлөрдү жеринен чечүү, жергиликтүү тургундардын юридикалык, социалдык багыттагы маселелерине жардам көрсөтүү боюнча бир катар иштер аткарылды. Ошондой эле иш-чара учурунда милиция кызматкерлери ар бир жарандын коопсуздугун сактоодо жана коомдук тартипти камсыз кылууда ар дайым иш алып барып жаткандагын кабарлашып, ар бир жаран милиция кызматкерлерине кайрылып түшүнбөгөн суроолорго жооп алууга укуктуу экени айтылды. Андан сырткары, жарандар тарабынан айтылган маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга жеткире тургандагын кабарлашты. Учурда кылмыштуулукту алдын алуу жана болтурбоо максатында район ичинде «Отработка», «Арсенал» аттуу алдын алуу иш-чарасы өткөрүлүп жатканын маалымдашып, ар бир жаран өздөрүнүн мал-мүлкүнө сак болушун жана кароосуз мал-жандыктарын калтырбоосун эскертишти. Кечки жана түнкү учурларда автоунаа жолдоруна мал-жандыктарды кароосуз калтырбоо, курал-жарагы бар жарандар ок атуучу куралды сактоо жана туура колдонуу боюнча эрежелерин сактоо, мектеп окуучуларынын жол эрежелерин так сактоо, мектеп окуучулары мыйзамды бузганга жана ар кандай укук бузууларга барбоосу боюнча дагы маектешүүлөр болуп өттү.
Эң негизгиси, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Жарлыгы боюнча талаптар калк арасына туура жеткизилип, маркумду акыркы сапарга узатуу зайнатында, үйлөнүү-үлпөт тойлорунда, дааталуу маареке майрамдарын майрамдоодо ысырапкерчиликти болтурбоо керектиги айтылды.

Читайте также: