Мындай чечим мугалимдер, ата-энелер арасында сурамжылоо жүргүзүлгөндөн кийин кабыл алынган.
16-июнда Жогорку Кеңеште Билим берүү боюнча мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, айрым депутаттар окуу жылын 1-сентябрда баштоо керектигин айтышкан.
2021-2022-окуу жылы пандемияга байланыштуу 15-сентябрда башталып, 9-июнда аяктаган. Бул чечим коомчулукта бир катар сын-пикирлерди жараткан.