Прокурор Курманкул Зулушев кызматын аткарууга киришти

Кызматынан убактылуу четтетилген Башкы прокурор Курманкул Зулушев кызматын аткарууга киришти. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Зулушев бүгүн, 16-июндан тарта өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык өзүнүн кызматтык милдетин аткарууга киришти.
Ошондой эле аталган тескеме менен мамлекет башчысынын 2022-жылдын 3-июнундагы тескемесинин 2-пункту күчүн жоготту деп табылды.