Мектептеги зордук-зомбулук. Балдарды сабаган бир дагы мугалим жазаланган эмес

Жыл ичинде окуучуларга күч колдонгону үчүн бир дагы мугалим жазаланган эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Мугалимдерди сыйлабаган окуучуларды жана алардын ата-энелерин жоопкерчиликке тартууну сунуштаган мыйзам долбоору талкууланып жаткан учурда депутат Таалайбек Масабиров окуучуга зомбулук көрсөткөндөн кийин канча мугалим жумуштан четтетилгенин сурады.

«Быйыл мындай эки учур катталды. Бул Сузак районунда. Мугалим азыр каникулда, дарыланып жатат. Ал психологиялык травма алган. Экинчи окуя Ысык-Көл облусунда, дене тарбия мугалими сабак учурунда окуучунун бутун топ менен тепкен. Учурда текшерүү жүрүп жатат», — деди Надира Жусупбекова.

Белгилей кетсек, депутат айткан экинчи иш Кара-Суу районунда болгон. 8-класстын окуучусунун ата-энеси дене тарбия мугалими болуп толук эмес иштеген No83 мектептин директору Умиджон Исаковдун үстүнөн милицияга арыз менен кайрылышкан. Маалыматка ылайык, ал окуучуну тепкилеп, бутун сындырып алган.

Читайте также: