Кыргызстанда «Диндердин өнүгүү тарыхы» сабагын окутууга мугалимдер тандалат

Кыргызстанда мектептерде жаңы окуу жылында «Диндердин өнүгүү тарыхы» сабагын окутууга мугалимдер тандалат. Окутуучулукка талапкерлер райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө арыз менен кайрылса болот. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги 15-июнда билдирди. 

Арыз берген жарандардын квалификациялык талаптарга жооп берген “Теология” багыты боюнча жогорку кесиптик билими болушу керек. Ошондой эле, жогорку окуу жайды “Тарых мугалими” адистиги менен аяктагандарга да бул предметти өтүүгө мүмкүндүк берилет.

Мугалимдикке талапкердин диплому бакалавр, адис, магистр даражаларынан төмөн эмес деңгээлде каралат.

Кандай документтер тапшырылат?

Дипломдун түп нускасы;

эмгек китепчеси;

мектептин директорунун атына мугалимдин арызы;

иштеген жеринен сунуштама кат;

3×4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт.

Кыргызстандагы мектептерде жаңы окуу жылынан тарта 9-классынын окуучуларына “Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети окутулмай болуп жатат. Жарлыкка президент Садыр Жапаров 8-июнда кол койгон. Андан ары 7-8-класстын окуучуларына да предмет этап-этабы менен окутула баштайт.

Кыргызстанда 2016-жылы «Дин маданиятынын тарыхы» сабагы сыноо үчүн 9-класстарга окутула баштаган. Анда бардык диндердин тарыхы камтылган китеп бысылып чыгып, 10 мектепте окутулган. Кийин окуу куралынан ката табылып эки ирет оңдолгон. Бул жолу ушул эле китепти кайрадан текшерип, оңдоп чыгып колдонуу пландалып жатат.

Читайте также: