Алымкадыр Бейшеналиев убактылуу ишин уланта албайт

Тергөө жүрүп жаткандыктан Алымкадыр Бейшеналиев саламаттыкты сактоо министри кызматын азырынча уланта албайт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ал 3-июнда президент тарабынан убактылуу кызматынан четтетилген. Башкы прокуратура Бейшеналиевге 7 кылмыш ишин козгогон. 

Бишкек шаардык соту бүгүн,  16-июнда Алымкадыр Бейшеналиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүп, аны үй камагына чыгарды.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.