«Александр Крестинин көрсөтүлгөн жок». КТРК Спорт каналы билдирүү таратты

Бишкекте өткөн Азия Кубогуна тандап алуу оюндарында башкы машыктыруучу Александр Крестинин КТРК Спорт телеканалынан көрсөтүлгөн жок деген имиштер чындыкка дал келбей турганын айтып телеканал социалдык тармактагы баракчасына жазышты.

«Урматтуу футбол сүйүүчүлөрү жана күйөрмандары!

Футбол боюнча Кыргызстан улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу
Александр Крестининди «КТРК СПОРТ телеканалы түз эфирде атайын көрсөтпөй койду» деген пикирлер чындыкка дал келбейт. Анткени ушул күнгө чейин телеканал кыргыз спортун колдоп, коомчулукка түз алып көрсөтүүлөрдү үзгүлтүксүз уюштуруп келе жатканы маалым. Өлкөбүздө орун алган эл аралык спорттук беттештерди чагылдырууда УТРК мындан ары дагы өз милдеттерин татыктуу аткара бермекчи.

Ал эми режиссёрдун өздүк баракчасы аркылуу жазылган комментарий бүтүндөй Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын көз карашын билдирбейт.

Корпорация жетекчилиги режиссёрдун жоопкерчилиги боюнча кызматтык иликтөө жүргүзөт. Анын жыйынтыгы менен кызматкерге карата мыйзам чегинде административдик чара колдонуларын билдиребиз.

Улуттук телерадиоберүү корпорациясы Александр Крестинин тарабынан футболго кошуп жаткан чоң салымын сыйлайбыз жана колдоого алабыз», — деп жазылат билдирүүдө.

Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары Александр Крестинин Кыргызстан-Мьянма жана Кыргызстан-Тажикстан беттешинде КТРК Спорт телеканалынан бир дагы жолу көргөзүлбөгөнүн айтып, нааразы болушкан.

Читайте также: