Таластын эл өкүлдөрү менен айылдык кеңештин депутаттары жолугушту

Бүгүн, 15-июнда Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Ленинполь, Оро жана Боо-терек айыл аймактарынын жергиликтүү кеңешинин депуттаттары менен Кыргыз Республикасынын Жокорку Кеңешинин эл өкүлдөрүнүн ортосунда жолугушуу болуп өттү.
Дастан Жумабеков, Марат Мураталиев, Руслан Жакышов жана Бактыбек Чойбеков баш болгон таластык депутаттар кесиптештери менен айыл аймактардагы бир нече маселелерди талкуулашты.
Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын айтымында, айыл эли үчүн эң негизги маселелер бул – Социалдык көйгөй болгон оорукана, мектеп жана бала бакчалардын абалы, Талас-Тараз жолу, облустагы айыл аралык ички жолдорду оңдоп-түзөө, ошондой эле, суугат суу жана жайыт маселелери болду.
Жогорку Кеңештин депутаттары менен айылдык кеңештин депутаттары биргеликте иш алып барып, бул маселелердин чечилүү жолдоруна токтотулушту.

Жергиликтүү кеңештин депуттаттары айылдардагы ушул убакытка чейинки бүткөрүлгөн иштерге, анын ичинде таза суу, суугат суу, каналдар, ФАП, мектеп, бала бакчалар, жана ошондой эле элет элинин жаркын жашоосу үчүн кылынган эбегейсиз салымы үчүн Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабековго ыраазычылык билдиришти.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.