Операция боло турган эки жашар баланын 5 миң долларын алдап алган. Депутат Гүлзат Мамытбектин бошотулганына наарызы болду

Блогер Гүлзат Мамытбек эки жашар баланын операциясына деген 5 миң долларды алып качып кеткендиги  тууралуу депутат Эрулан Кокулов Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

«Менин сөзүм Гүлзат Мамытбек тууралуу. Бул баягы элдерди алдап кеткен кыз. Азыр ар кайсы рекламаларды берип жүрөт. Бул кыз жөнүндө мен журналисттик иликтөө кылгам. 2020-жылы жүрөгүнөн операция боло турган эки жашар баланын 5 миң долларын көбөйтүп берем деп алып, качып кеткен. Эки пенсионер адамдын батирге деп чогултуп жүргөн акчасын алып, Москвага качып кеткен. Ошол кыз кечээ соттон бошотулуп, азыр кайра концерт коюп, бийлеп, ойноп жүрөт. Эмне Кыргызстан аферисттердин өлкөсү болуп калдыбы? Мына бул кыз кайра алдай баштаптыр», — деди Кокулов.

Эске салсак, 25-майда Гүлзат Мамытбек 3 жылга пробациялык мөөнөткө (үй камагы) кесилгендиги кабарланган.

Читайте также: