Ак үй алдында депутат Атазовко каршы акция болуп өттү

Бүгүн, 15-июнда Ак Үйдүн алдында кыздардын укуктарын корголушун талап кылгандар  депутат Шайлообек Атазовдун 18 жаштагы кыздардын чет өлкөгө чыгуусуна айрым чектөөлөрдү киргизүү сунушуна  нааразычылык акциясына чыгышты.

Алар «Эркин айым өнүккөн өлкө», «Атазов, кыздардын укуктарынан колуңду тарт!», «Кыздардын укуктарына тийбегиле!» жана башка жазуулары бар плакаттарды көтөрүп турушту. 

Акциянын катышуучулары депутаттын мандатын тапшыруусун талап кылып кыйкырышты. Алардын алдына депутат Шайлообек Атазов чыгып, анын айткандары жөн гана сунуш экенин, мыйзамга өзгөртүүлөр кирбегендигин айтты. 

Эске салсак,  Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов 18 жаштагы кыздардын чет өлкөгө чыгуусуна айрым чектөөлөрдү киргизүүнү сунуштаган. Тагыраагы, эл өкүлү 9-июнда парламентте миграция маселесин көтөрүп, кыздарды чет өлкөгө ата-энелердин коштоосунда жиберүү керек экендигин билдирген.

Читайте также: