Ташиев Марат Казакпаевдин өлүмү тууралуу комментарий берди

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев УКМКнын убактылуу кармоочу жайында жатып, кийин ооруканадан каза болгон Марат Казакпаевдин өлүмү тууралуу «Новые лица» гезитине берген маегинде УКМКнын тиешеси жок экенин айтты. 

«Анын өлүмүнө эч кандай тиешебиз жок. Анткени анын дарылануусуна бардык мүмкүнчүлүктөрдү түзүп бергенбиз. Эч качан баш тарткан эмес. Учурда Казакпаевдин өлүмү боюнча КР Башкы прокуратурасы тарабынан иликтөө иштери башталып, ал боюнча көзөмөл органына бардык керектүү материалдар берилди.

Ошол эле учурдаУКМК коомдук комиссия Акыйкатчы, Кыйноолорду алдын алуу борбору, же коомдук ишмерлер, журналисттер тарабынан түзүлсө, кабыл алууга даяр. Биз текшерүү жүргүзүп жаткан прокуратура менен биргеликте бул факт боюнча толук маалымат берүүгө даярбыз. Биз Марат Казакпаевдин өлүмү боюнча эч качан жабык эмеспиз жана бул өлүмдү Равшан ЖээнбековЖылдыз Жолдошева сыяктуу өздөрүнүн жалданма, саясий максаттарына пайдалангысы келген саясатчылар терең жаңылып жатышат.

Мен аларга кеңеш берет элем – минтип адамдын өлүмү менен ойной албайсың. Бул трагедиялуу учур. Мен, өлкөбүздүн атайын кызматынын жетекчиси катары, Казапаевдин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам, тилекке каршы, мындай окуя болду, ага ушундай тагдыр жазылган. Ал эми юридикалык жактан анын күнөөсүн аягына чейин далилдегенге даярбыз, анткени акыркы 3 жылдан бери тергөө иштери жүрүп жатат», — деген Ташиев.

Читайте также: