Орусиянын Чек ара кызматы Бишкектин борборундагы имараттарды сатып алат

Орусиянын Федералдык чек ара кызматы Бишкектин борборундагы эки имаратты алууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин кечээки жыйынында айтылды.

Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Мирлан Бакировдун айтымында, 1999-жылы Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда чек ара маселелери боюнча кызматташуу келишимине кол коюлган.

«Келишимге ылайык, Кыргызстан Россиянын Федералдык чек ара кызматынын ыкчам тобун казарма, кызматтык жана турак жай менен камсыз кылууга жана аларды күтүүгө кеткен чыгымдарды каржылоого милдеттенген. Алгач Новопокровка айылындагы аскер бөлүгүнө имараттар бөлүнгөн, бирок 2013-жылы жараксыз абалга келген. Орусиянын Федералдык чек ара кызматынын ыкчам тобу Бишкектин Жибек Жолу проспектисинде (No539) жана Керимбеков көчөсүндөгү (No107) имараттарды өз эсебинен ижарага алган.

Сунушталган келишимде Орусия бул имараттарды сатып алууну каалайт. Кыргызстанда жер чет өлкөлүктөргө сатылбагандыктан, биздин тарап ал жерлерди мамлекеттик жер катары каттоого алып, 49 жылга ижарага берүүгө милдеттендирилет», — деди Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси.

Мирлан Бакировдун айтымында, кыймылсыз мүлк Орусиянын менчигине өтөт. Кыргызстан жерди Global Invest жеке компаниясынан сатып алат.

«Бир участоктун аянты 1240 чарчы метр, экинчиси 593 чарчы метрди түзөт. Дагы 766 чарчы метри муниципалдык жер тилкеси. Болгону 2 миң 599 чарчы метр. Бул болжол менен 25 гектар жер», — деди чиновник.

Читайте также: